Сотто депутаттардын жактоочулары 3-октябрдагы митинг тартылган видеотасманы көрсөтүүгө нааразы болушууда

Бүгүн, 1-мартта "ата журтчу" 3 депутат боюнча өтүп жаткан сотто 2012-жылдын 3-октябрында "Кумтөр" маселеси боюнча өткөн митингди чагылдырган видеотасмалар көрсөтүлүүдө. Буга депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун жактоочулары нааразы болушууда. “Бул видеотасмаларды кайра-кайра эле көрө беребизби? Андан көрө убакытты үнөмдөп, сот ишине өтөлү”,- деди жактоочу Шарабидин Токтосунов. Бирок сот ишине төрагалык кылуучу Адылбек Субанкулов мамлекеттик жактоочулар даярдап келген бул видеоматериалды көрүү керектигин белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан