"Нарын облусунун климаттык шарты катаал болгондуктан, айдоо аянттарына арпа, буудай, башка дан эгиндери жана суукка чыдамдуу картошка азыгы көп эгилет. Бирок акыркы жылдары картошканын фитофтороз оорусу күчөп жатат",- дейт Нарын райондор аралык өсүмдүктөрдү коргоо жана химиялаштыруу бөлүмүнүн башчысы Токтобек Кененбаев. Адистин айтымында, бул оору картошка өнүп чыккан соң билине баштайт. Жабыркаган өсүмдүктүн алгач сабагы куурап, жалбырактары соолуйт. Ал эми казылып алынган оорулуу картошканы ороого көмгөн соң 10 пайызы чирип кетет. Буга байланыштуу картошка эгилчү аянттарды алгач дарылоодон өткөрүү керектигин айтат адис.