Нарын. Төш-Булак айылына суу чыгаруу үчүн жергиликтүү эл акча чогултпай жатат

2012-жылы Нарын шаарына караштуу Төш-Булак айылына таза суу чыгаруу үчүн долбоор жазылып, АРИС уюму тарабынан 37 миллион сом бөлүнгөн. Ошондой эле жергиликтүү калктын эсебинен дагы 3 миллион 700 миң сом же жалпы сумманын 10 пайызы жыйналышы керек болчу. Бирок бул каражаттын чогулбай жаткандыгына байланыштуу учурда долбоор токтоп турат. "Буга байланыштуу шаардык мэрия демөөрчүлөрдү тартууга аракет жасап жатат. Эгерде акча каражаты табылбай турган болсо, облустук өнүктүрүү фондунан каражат бөлүнөрү болжолдонууда",- дейт долбоордун жетекчиси Камчыбек Эсеналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан