Башкы прокуратура: “Курманбек Бакиевдин жашаган жерин так билебиз”

“Курманбек Бакиевдин туруктуу жашаган жерин так билебиз, ал эми Жаныш Бакиев улам жер которуп турат”, - деди бүгүн, 1-марттагы КСДП фракциясынын жыйынында башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова. “Биз Беларусь өлкөсүнөн кылмыш жообуна тартуу үчүн Бакиевдерди сурадык. Башкы прокуратура бардык чараларды көрүп жатат. Бирок ал өлкөдө дагы конвенцияга мүчө болгон мамлекеттер алдында да жоопкерчилик бар. ИИМ жана УКМКдан алардын жашаган жерлерин улам кабарлап турушат”,- деп кошумчалады Усманова. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан