Эльмира Жумалиева: "Башка өлкөлөрдөн "кылмышкерлерди бергиле" деп сурай албайбыз"

Бүгүн, 1-мартта ЖКдагы КСДП фракциясынын жыйынында “КРнын кылмыш жана процессуалдык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү” тууралуу мыйзам долбоору талкууланды. Депутат Эльмира Жумалиеванын айтымында, Кылмыш-процессуалдык кодексине “тапшырма берүү”, “талап кылуу” сыяктуу пункттарды киргизүү даярдалып жатат. “Биз кылмышкерди башка мамлекеттен "бергиле" деп сурай албайбыз, болгону тиешелүү кайрылууну гана жөнөтөбүз. Талаптарыбызды алар көңүлгө да алып коюшпайт. Ошондуктан башка өлкөлөр менен тиешелүү деңгээлде сүйлөшө ала тургандай кылып кодекске өзгөртүү киргизип жатабыз”,- деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан