Бишкекте 7-апрель окуясы боюнча сүрөт көргөзмө ачылды
1-мартта Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде 2010-жылдын 7-апрель окуясы боюнча "Эсен болуп, эстей жүрөлү..." аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөгө фотографтар Игорь Коваленко жана Вячеслав Оселедконун эмгектери коюлган. Көргөзмөнүн ачылышына КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов баш болгон бир катар жетекчилер, аталган окуяда курман болгондордун жакындары жана шаар тургундары катышты. Бул сүрөт көргөзмө 7-апрелге чейин уланат.