"М-Вектор" компаниясынын изилдөөсү боюнча "Супер-Инфо" гезити алдыда
Бүгүн, 1-мартта Бишкек шаарында “М-Вектор” иликтөө-консалтинг компаниясы
өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарынын рейтингин жарыялады. Аталган компания 2012-жылдын 18-25-декабрына чейин өлкөнүн бардык аймагында 14 жаштан жогорку курактагы жарандардан сурамжылоо жүргүзгөн. Анда "Супер-Инфо" гезити 3 тармак боюнча гезит-журналдар арасында 1-орунду алды. Сурамжылоого катышкан адамдардын 63,9 пайызы "Супер-Инфо" гезитин окуй тургандыктарын айтышкан. Буга байланыштуу аталган гезит "Кыргызстандагы эң көп окулган гезит" деп табылды. Мындан сырткары окурмандардын 48 пайызы “Супер-Инфо” сүйүктүү гезит экенин билдиришкен. Ал эми окурмандардын 32,7 пайызы "Супер-Инфо" гезити маалыматтарды так жазат деп эсептейт. Сурамжылоого 2400 адам катышкан.