Аксы районунда мектеп окуучуларынын арасында аймактык олимпиада болду
28-февралда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы А.Жаныбеков атындагы Кара-Суу орто мектебинде окуучулар арасында аймактык олимпиада болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Бакберген Урусалиев билдирди. Республикалык олимпиаданын аймактык туру болгон "Аялуу жан сырын адам дилинде, айта алат бир гана эне тилинде" аттуу
бул билим таймашы 9-10-11-класстын окуучуларынын арасында кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча болду. Ага 6 мектептин окуучулары катышып, жарыш 3 багытта өттү: биринчиси - эссе, экинчиси - көркөм окуу жана фольклордук чыгарма аткаруу, үчүнчүсү - долбоорду жактоо. Жыйынтыгында 1-орунду аталган мектептин 11-классынын окуучусу Мамбетова Айпери ээледи. Мектептин мугалими Өктөмкан Молдобекованын айтымында, бул олимпиада окуучулардын чыгармачылык шык-жөндөмүн өстүрүп, улуттук баалуулуктарды урматтоого жана долбоор түзүүгө үйрөтөт. Кошумчалай кетсек, райондук олимпиада 2-мартта өтөт.