Ош шаарындагы Зайнабетдинов көчөсүнө шаардын экс-мэри Жолдошбек Раимбековдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мындай чечим Ош шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан кабыл алынган. Эске сала кетсек, Жолдошбек Раимбеков 1953-жылы 1-мартта жарык дүйнөгө келген. 1980-жылдан тарта «Мээнет» муниципалдык башкармалыгында иштеген. 1996-жылы Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.