Бүгүн, 1-мартта ЖКнын төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева Кыргызстандагы БУУнун туруктуу координатору Александр Аванесов, "Тынчтыкты сактоо" фондунун координатору Весна Вукович, аталган фонддун консультанты Люк Лафринье менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда Асия Сасыкбаева «БУУнун "Өнүктүрүү" программасынын алкагында бир катар алгылыктуу иш-чаралар ийгиликтүү ишке ашырылып жатат. Өлкөдөгү туруктуулукту сактоо, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, парламенттик демократия салттарын калыптандыруу, мыйзам бийлиги үстөмдүүлүк кылган коомду куруу кыргыз парламентинин башка милдеттеринен болуп саналат»,- деди. Жолугушууга депутаттар Надира Нарматова менен Урмат Аманбаева да катышты.