Бүгүн, 1-мартта ЖКнын депутаты Жылдыз Жолдошова журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрдү. Анда депутат Камбар-Ата-1 ГЭСи менен Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушуна “Ата Журт” фракциясы каршы эмес экенин айтты. Ошондой эле “Кумтөр” маселесине токтолгон Жолдошова келишимдердин корутундусунда маселенин юридикалык жактары дыкат каралбаганын кошумчалады. Бардык бийлик бутактары биргеликте бул кырдаалды талкуулап, өлкөнү экономикалык каатчылыктан чыгаруунун жолун табуу зарыл экенин кошумчалады депутат.