Депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго карата козголгон кылмыш иши боюнча “Охотник” жана “Патриот” каймана аты менен тергөөдө сурак берген күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жокко чыгарылат. Мындай чечимди бүгүн, 1-мартта өткөн соттук отурумда сотко төрагалык кылуучу Адылбек Субанкулов билдирди. “Күбөлөр сотко келүүдөн баш тарткандыктан, алардын көрсөтмөлөрү сот ишинде каралбайт”,- деди ал. Айта кетсек, буга чейинки отурумдарда айыпталуучу депутаттардын жактоочулары аталган 2 күбөнү сотко катыштыруу өтүнүчүн билдирген болчу.