Акыйкатчы Турсунбек Акун “Ага Хан” фондун сынга алды

Бүгүн, 1-мартта акыйкатчы Турсунбек Акун журналисттерге маалымат жыйынын өткөрдү. Анда акыйкатчы "Ага Хан" фондунун ишмердүүлүгү тууралуу бир топ сындарды айтты. Анын айтымында, аталган фонд Майрам Акаеванын каржылоосунда иш жүргүзүп келет. “Мен бул фонд эмне жумуш кылганын түшүнбөйм. Нарында студенттер шаарчасын баштаган болчу, бүгүнкүгө чейин курулуп бүтө элек",- деди ал. Эске салсак, учурунда аталган фонддун Кыргызстандагы өкүлү Бермет Акаева болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан