Шамиль Атаханов вице-премьер-министр болуп дайындалды
Шамиль Атаханов КРнын Коопсуздук жана коргоо боюнча вице-премьер-министри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 1-мартта президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Айта кетсек, Атаханов буга чейин Ички иштер министри болуп иштеп келген.