Абдулда Суранчиев Ички иштер министри болуп дайындалды
Абдулда Суранчиев КРнын Ички иштер министри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 2-мартта президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Айта кетсек, Суранчиев буга чейин ИИМдин башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеп келген.