Алиясбек Алымкулов Эмгек, миграция жана жаштар министри болуп дайындалды
Алиясбек Алымкулов КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-мартта кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык- саясат бөлүмү билдирет. Айта кетсек, Алиясбек Алымкулов буга чейин Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри болуп иштеп келген.