Бакиевдерди кайтарып берүү боюнча кыргыз тараптын өтүнүчүн Беларустун Башкы прокуратурасы карап жатат
Курманбек Бакиев менен Жаныш Бакиевди Кыргызстанга кайтарып берүү боюнча жиберген Башкы прокуратуранын кайрылуусун Беларустун Башкы прокуратурасы карап жатат. Бул тууралуу Беларусь өлкөсүнүн маалымат булактары жарыялады. Маалыматтарга таянсак, бул өтүнүч боюнча аталган өлкөнүн Башкы прокуратурасы бир айдын ичинде жообун айтмакчы. Айта кетсек, 12-февралда Бишкек гарнизонунун Аскер соту экс-президент Курманбек Бакиевди 24 жылга, иниси Жаныш Бакиевди өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Буга байланыштуу 28-февралда Башкы прокуратура аталган өлкөнүн Башкы прокуратурасына бир тууган Бакиевдерди кайтарып берүү тууралуу кайрылуу жиберген болчу.