Казакстанда Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракеси белгиленет

Казакстанда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу КРнын Казакстандагы элчиси Эсенгул Өмүралиев менен аталган өлкөнүн Маданият жана маалымат министри Мухтар Кул-Мухаммеддин жолугушуусу учурунда сөз болгонун КРнын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Тараптардын жолугушуусунда эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты, кыргыз-казак чыгармачыл интеллегенциясынын тыгыз иштешүүсү тууралуу да сөз болгон. Ага ылайык, ушул жылдын күз айларында Казакстанда Кыргызстандын маданий күндөрүн өткөрүү да пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан