2012-жылы Кыргызстандагы жаштардын саны 1 миллион 684 миң 500 адамды же жалпы калктын 31 пайызын түзөрү белгилүү болгон. Бул тууралуу 1-мартта вице-премьер-министр Камила Талиева КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин коллегиялык жыйынында билдирди. Талиеванын айтымында, жаштарды иш менен камсыз кылуунун көрсөткүчү 2011-жылга салыштырмалуу былтыр эки эсе төмөндөп кеткен. “Биз калкты кайра окутуунун жана иш менен камсыз кылуунун жолдорун табышыбыз зарыл. Улуттук өнүгүүнүн стратегиясы иштелип чыкты. Мунун алкагында жаштарды иш менен камсыз кылуунун ар кыл багыттарын иштөө биздин негизги милдеттерибиздин бири болушу керек”,- деди вице-премьер-министр.