2013-жылдын январь, февраль айларында Кыргызстандын чек арасын 1 717 527 адам кесип өткөн. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын эки айлык отчётунда жазылган. Ошондой эле чек арадан 190 225 унаа өткөн. Аталган мекеме билдиргендей, 1-март күнү Ала-Бука районунун Кызыл-Язы аймагынан чек арачылар аткезчилик жолу менен ташылып бара жаткан жүктү кармашкан. Кармалган товардын баасы 20 миң сомду түзөт. Тиешелүү документтер даярдалып, жүк чек ара кызматына тапшырылган.