Албек Ибраимов Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортунун президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин Албек Ирбаимов президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген. Ошондой эле “Дастан” ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы болгон.