Экс-президент Роза Отунбаевага кызмат сунушталды

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаевага Тынчтык университетинин кеңешинин мүчөлүгүнө кошулуу тууралуу сунуш түштү. Мындай сунушту камтыган катты экс-президенттин дарегине БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун жиберген. Катта “БУУнун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча башкы директору менен кеңешкенден кийин мен сизди терең канааттануу менен Тынчтык университетинин кеңешинин мүчөсү болууга чакырам” деп жазылат. Айта кетсек, кеңеш университеттин жогорку органы болуп саналат жана анын мүчөсү төрт жылга шайланып, андан аркы мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Кеңештин 15 мүчөсү бар.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан