"Кыздар чет өлкөгө мамлекеттин колдоосу менен чыгышы керек",- дейт Ыргал Кадыралиева

Бүгүн, 4-мартта ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында депутат Ыргал Кадыралиева 23 жашка толо элек кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салуу керектигин айтты. “Окууга бара жаткан кыздар да ата-энесинин уруксаты, мамлекеттин колдоосу астында чыгуусу керек”,- дейт депутат. Ошондой эле бул маселе боюнча тиешелүү токтомду кабыл алып берүүнүн зарылчылыгын айткан эл өкүлү кыргызстандык жаш кыздар чет өлкөдө мыйзамсыз төрөп, балдарын көчөгө таштап жаткандыгын мисал келтирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан