"Өлкөдөгү карапайым калк сотторго ишенбей калды. Ал тургай мыйзам чегинде чыгарылган соттук чечимдер дагы коомчулукта ишенбөөчүлүк жаратат". Бул сөздү бүгүн, 4-мартта соттук реформа боюнча өтүп жаткан жыйында президент Алмазбек Атамбаев айтты. Анын айтымында, учурда сотторго болгон сый-урмат жоголду жана сот чечимине макул болбогон көпчүлүк өздөрү каалагандай чечим чыгартып алууда. “Мындай көрүнүш биздин мамлекетке 10 жыл ичинде келди. Бирок бул нерсени жоюп, абалдан чыгышыбыз керек. Мыйзамдар түшүнүктүү болуп, соттук процесстер ачык өтүшү шарт”,- деди мамлекет башчы.