Мамлекеттик аткаминерлердин кирешеси тууралуу тапшырган декларациясынын тууралыгы текшерилет. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Аалы Карашев билдирди. Анын айтымында, буга чейин мындай мүмкүнчүлүк жок болчу. "Буга чейин берилген маалыматтардын тууралыгын текшерүү боюнча механизм болгон эмес. Декабрь айында өкмөттүн токтому менен жобо бекитилип, мекемелер аралык комиссияга мамлекеттик кызматкерлердин декларациясын текшерүү укугу расмий берилди. Эми мамлекеттик аткаминерлердин берген маалыматтарын текшерип чыгууга укугубуз бар",- дейт ал.