1-марттан тарта уюлдук байланыштын баасы кымбаттайт дешүүдө. Депутаттар сатуудан түшкөн кирешенин салыгын көтөрүүдө уюлдук операторлорго "байланыш кызматын кымбаттатпоо" талабын коюшкан эмеспи?

 

Өлкөдөгү айрым уюлдук операторлор 1-марттан баштап сатуудан түшкөн 5 пайызга чейинки салык алына баштагандыгына байланыштуу байланыш кызматы кымбатташы мүмкүн экендигин айтышууда. Салык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам 2012-жылдын, декабрь айында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган болчу. Буга байланыштуу уюлдук байланыштын баасынын кымбаттай тургандыгы тууралуу айрым эл өкүлдөрүнүн оюн билүүнү туура көрдүк.

 

1-марттан баштап уюлдук байланыштын баасы кымбаттайт деп чыгышты. Бирок сатуудан түшкөн кирешеге салыкты 5 пайызга көтөрүүнү киргизүүдө уюлдук операторлорго "байланыш кызматын кымбаттатпоо" талабы коюлган эмес беле? 

 

Надира Нарматова, ЖКнын депутаты:

 

- Азырынча божомол айтуу кыйын. Бирок уюлдук байланышка болгон баалар кымбаттабай эле койсо жакшы болмок. Ансыз деле байланыш кызматтары башка өлкөлөргө салыштырмалуу кымбат. Анын үстүнө 2010-жылдагы революция да уюлдук байланыштын жана электр энергиясынын баасынын кымбатташынан улам келип чыкпады беле? Баа көтөрүлсө карапайым калктын эле чөнтөгүнө күч келет. Ал эми бизнес чөйрөсүндөгү жана мамлекеттик кызматтарда иштегендерге көп деле билинбейт. Эгер кымбаттап кете турган болсо, айла жок бирдикти үнөмдөп сүйлөшүүгө туура келет.

 

Назарали Арипов, ЖКнын депутаты:

 

- Жогорку Кеңеш былтыр декабрда кабыл алган мыйзамга ылайык өлкөдө бир дагы уюлдук оператор байланыш кызматына болгон бааны көтөрбөшү керек. Мурунку бийликтин убагында болгон жагымсыз көрүнүш кайра кайталанбашы зарыл. Менимче баа көтөрүлөт деген туура эмес, мыйзамга баш ийген уюлдук компаниялар андайга жол бербейт.

 

Гүласал Садырбаева, ЖКнын депутаты:

 

- Азыр элдер баарын эле божомолдоп айтып жатышат. Мисалы, электр энергиясынын баасы кымбаттайт деп да кооптонушууда. Уюлдук байланышка болгон бааны кымбаттатууга негиз жок. Мен андай кымбаттатуулар тууралуу уга элекмин. Жогорку Кеңеш менен өкмөттө мындай маселе жарала элек. Мындай маалыматтарды бийликти каралоо максатында айтылып жаткан сөздөр катары кабыл алам.

 

Каныбек Иманалиев, ЖКнын депутаты:

 

- Уюлдук байланыштагы баалардын кымбатташы тууралуу кабарды уга элек болчумун. Бул нерсени токтонуунун эки гана жолу бар. Биринчиси - атаандаштыкты күчөтүү, экинчиси - монополияга каршы мыйзамдын чегинде. Бул мыйзамдын чегинде бааны кымбаттатпоого сөз беребиз.

 

Сүрөттө:

1. Надира Нарматова

2. Назарали Арипов

3. Гүласал Садырбаева

4. Каныбек Иманалиев

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан