Быйыл соттордун айлык маянасы көбөйөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта президенттин алдындагы соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев айтты. Өкмөт башчы билдиргендей, эгер соттор ачык иштей турган болсо, карапайым калктын мамлекетке болгон ишеничи жогорулайт. “Элдер соттордун чечимине нааразы болуп президентке, Жогорку Кеңешке чейин даттанып барышууда. Бул сот системинин так иштебегендиги",- деди Сатыбалдиев.