ЖКда аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнө арналган тегерек стол болду

Бүгүн, 4-мартта ЖКнын Сот укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин жыйынында аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнө арналган тегерек стол болуп өттү. Анда "КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланып, жыйынга ЖКнын депутаттары, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, аксакалдар сотторунун мүчөлөрү катышты. Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунда майда-барат укук бузуулар болгон учурда милиция кызматкерлерин катыштырбай эле аксакалдар соту туура чечим чыгаруу менен коомду тарбияга чакыруу маселеси камтылган. Аксакалдар соту мындай иштерди акысыз жүргүзмөкчү. Демилгечилердин айтымында, аксакалдар сотунун ишинин жанданышы соттолгон адамдардын санынын кыскарышына жол ачат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан