Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы "Суу канал" ишканасы аталган шаардын 37 миң 546 тургунун суу менен камсыз кылып келет. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта шаар мэри Мирлан Бообеков билдирди. Анын айтымында, буга чейин бул шаарда суунун 1 метр кубу 4,60 сомду түзсө, быйыл 8,24 сомду түзүүдө. Ал эми электр энергиясы жаатында шаар башчысы буларга токтолду: "Балыкчы шаары 1 айда орто эсеп менен саатына 700 миң киловатт электр энергиясын сарптайт. "Чыгыш электр" ишканасына болгон карызды төлөбөсөк, бизге жарык чектейбиз деп жатат. Бул боюнча өкмөттөн жардам сурап жатабыз".
1. Мирлан Бообеков