Баткен облусунун Лейлек районунда "Биздин таза айыл үчүн" аттуу акция жүрүүдө. Иш-чаранын алкагында район аймагында көрктөндүрүү, тазалоо иштери орун алууда. "Аталган акция аркылуу ар бир айылдын негизги көчөлөрүндөгү дарактарды актоо, жолду тазалоо, иретке келтирүүнү пландаганбыз. Эгер бул акция жалпы элдик колдоого ээ болсо, жазга карата бир топ иштерди бүтүрмөкчүбүз”,- деп билдирди Лейлек райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Эрмек Бахавадинов.