Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылында 2-март күнү ишембилик уюштурулду. Бул иш-чара аталган райондун акиминин демилгеси менен ишке ашты. Ишембиликте 500 гектар аянтка мисте дарагынын уругу себилип, ага айылдагы мекеме, ишканалардын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Лейлек райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Эрмек Бахавадинов билдирди.
- "Бул ишембиликке катышкан ар бир мекеме, ишканага план катары 50 сотыхтан жер бөлүнүп берилди. Келечекте райондун аймагында бир чоң мисте багы түзүлөт",- дейт Бахавадинов.