Былтыр Улуттук госпиталда 18 миң хирургиялык операция жасалган
2012-жылы Улуттук госпиталда 18 миң хирургиялык
операция жасалган. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз
кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, госпиталдын кеңеш берүүчү жана диагностикалык
бөлүмүнө 96 миң адам кабыл алынып, алардын ичинен 36 миң жаран ооруканага жаткырылган.