1-мартта жүргүзүлгөн рейд учурунда борбор шаардын көчөлөрүндөгү талапка жооп бербеген жана мыйзамсыз илинген 28 даана көрнөк-жарнак алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Рейд Чүй жана Киев көчөлөрүндө жүргүзүлүп, ага “Тазалык” ишканасынын, Бишкек шаардык Жарнама департаментинин кызматкерлери катышты. Айта кетсек, мындай иш-чара мэриянын “Бишкек шаарынын көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу чаралары” токтомунун негизинде уюштурулууда.