4-мартта ЖКнын бюджет жана финансы боюнча комитетинде 2013-жылы каржылануучу объектилердин тизмеси такталды. Каржы министри Ольга Лаврованын берген маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы капиталдык курулуш үчүн 2 миллиард 400 миң сом каралууда. Ал каражатка жалпысынан 87 курулуш объектиси бүткөрүлөт. Анын ичинде 40 билим берүү мекемеси, 17 саламаттыкты сактоо мекемеси, 4 чек ара кызматынын курулушу, 4 жол жана башка объектилер бар.