Кыргызстанда Түркиядан алынган насыянын эсебинен курулуучу мектептердин тизмеси 4-мартта бекитилди. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Курулуш жана аймактык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Нарбаевдин айтымында, бул тизмеге жалпы наркы 345 миллион сомдук 10 мектеп киргизилген. Ал эми Каржы министри Ольга Лаврова билдиргендей, Түркиядан алынчу 100 миллион доллардын учурда 10 миллион доллары келди. Курула турган мектептердин тизмеси Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге тандалып алынган. Ал эми экинчи кезекте түзүлө турган тизмедеги дагы 10 мектептин курулушуна кошумча 7 миллион доллар каражат каралууда.