Балыкчы шаарынын Тамчы айылында жайгашкан “Ысык-Көл” Эл аралык аэропортунун 300 метрлик учак конуучу жолунун курулушу акчанын жоктугунан 2010-жылдан бери токтоп турат. Бул тууралуу 4-мартта аталган аэропорттун директору Рашид Исманов билдирди. Маалым болгондой, аэропорт күнүнө 600, бир айда 2000 жүргүнчүнү тейлей алат. “Буга чейин аэропортко Алматы, Астана шаарларынан жана “Манас” Эл аралык аэропортунан жалпы 90 учак конду. Алардын ичинен эң көлөмдүүсү 50 тонналык ЯК-42 учагы. Биздин аэропорт Эл аралык стандарттарга жооп берет”,- деди директор.