Балыкчы шаарында 700 жеткинчек бала бакчага кирүү үчүн кезекте турат

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 700 жеткинчек бала бакчага кирүү үчүн кезекте турат. Бул тууралуу аталган шаардын мэри Мирлан Бообеков билдирди. “Бул көйгөйдү чечүү үчүн биз ар кандай долбоорлордун негизинде иш жүргүзүп келе жатабыз. Ал гана эмес эскирген, кароосуз калган имараттарды оңдоп-түзөп, аны ишке жарактуу кылуудабыз. Учурда шаарда 9 бала бакча бар. Кезекте турган балдардын санын азайтуу үчүн бала-бакчаларга байланыштуу долбоорлор менен иштөөнү мындан ары да улантабыз”, -деди мэр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан