Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы Ырыскы кичи районунда “Бакыт балдар” аттуу оңдоп-түзөөдөн өткөн бала бакча март айынын ичинде пайдаланууга берилет. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Анаркүл Айдаракунова билдирди. “2011-жылы бул имаратты муниципалдык мекеме катары алдык. Капиталдык оңдоп-түзөө иштерине 8 миллион 300 миң сом жумшалды. Атайын долбоор түзүп, 2 миллион сомго керебет, шкаф, отургуч жана башка керектүү буюмдарды алдык. Учурда 10 тарбиячы, алардын 6 жардамчысы, 1 дарыгер жана 1 кароолчу иштеп жатат. Негизинен, бала бакча толук оңдоодон өткөн соң 140 кызматкер иштеп баштайт”,- деди Айдаракунова. Айта кетсек, бала бакча 180 балага ылайыкталган.