"Ысык-Көл" аэропорту жылына 3 миллион 150 миң сом салык төлөйт

“Ысык-Көл” Эл аралык аэропортунун курулуш иштери толук аяктап, үзгүлтүксүз иштесе жергиликтүү калк үчүн бир топ пайда алып келмек. Бул тууралуу 5-мартта аталган аэропорт жайгашкан Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Карабалаев билдирди. "Биринчиден, бюджетке кошумча каражат түшмөк. Экинчиден, туризм тармагы мындан да өнүкмөк. Канчалык эс алуучу көп келсе, жергиликтүү калкка ошончолук пайда алып келет. Тилекке каршы, 3 жылдан бери бул аэропорттун курулушу толук бүтпөй жатат. Ал эми аэропорт ээлеп турган аянты үчүн жылына 3 миллион 150 миң сом салык төлөйт”,- деди Карабалаев. Айта кетсек, аталган аэропорттун 300 метрдей учак конуучу жолу оңдоого муктаж. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан