1-марттан баштап Бишкек шаарындагы орто мектептерде жалпы 104 класс ачылып, анда балдарды мектепке чейин даярдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, аталган класстарда 7936 бала мектепке чейинки окутуудан өтөт. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 971 балага көп.