Чүй облусундагы Сокулук районунун Камышановка айылында оңдоп-түзөөдөн өткөн мектептин ачылыш аземи болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта “Манас” аэропортундагы АКШнын жүк ташуучу транзиттик борборунун басма сөз кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, мектепти оңдоо Кыргызстандагы АКШ элчилиги жана өкмөттүн биргелешкен демилгеси менен ишке ашты. Ага 58 миң доллар жумшалганы айтылды. Иш-чарада окуучулар чакан майрамдык концерт тартуулашты.