Ош. Ош шаарынын борбордук аянтында митинг башталды

Бүгүн, 5-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында "ата журтчу" 3 депутатты бошотуу талабы менен митинг башталууда. Азырынча чогулгандардын басымдуу бөлүгүн баатыр энелер түзүүдө. Энелер "президент Алмазбек Атамбаев 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата Камчыбек Ташиевди бошотуп, аялдарга белек кылсын!" дешүүдө. Ал эми "Ата Журт" партиясынын Ош облусундагы штабынын координатору Даря Шабданова "тергөө иши аяктады, бирок аларды негизсиз күнөөлөп жатышканына күбө болдук. Үч депутатты бошотуп берүүнү суранабыз. Эгер биздин сураныч орундалбаса, анда Бишкекке чейин барып, парламенттин жоюлушун катуу талап кылабыз",- дейт. Митингчилердин учурдагы саны болжол менен 150 адам. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан