Ысык-Көл облусунун Ак-Булак айылында жайгашкан “Күрмөнтү цемент” заводунун иши акиташ жоктугунан улам токтоп турат. Бул тууралуу 5-мартта аталган ишкананын башчысы Бактияр Айталиев билдирди. Анын айтымында, Геология жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик акиташ өндүрүү үчүн кепилдик талонун бербей жатат. “Февраль айынан баштап эле завод иштеп баштамак. Бирок тиешелүү документтин жоктугунан иш токтоп турат”,- деди Айталиев. Айта кетсек, бул завод 2011-жылы 2 миң тонна, 2012-жылы 4 миң тонна цемент өндүргөн. Ошондой эле бул ишкана 2011-жылы 864 тонна, 2012-жылы 684 тонна акиташ чыгарган.