Асылбек Жээнбеков: "Динге мамлекет кийлигишпегендиктен, ар кандай секталар көбөйдү"

"Өлкөдөгү салттуу диний уюмдар мамлекеттин өнүгүүсүнө терс таасир тийгизбеши керек". Бул пикирди бүгүн, 5-мартта ЖКдагы "КРдагы диний кырдаал жана диний билим берүүнүн абалы жөнүндө" аттуу парламенттик угуу учурунда төрага Асылбек Жээнбеков айтты. Диний кырдаал өлкөдө өтө актуалдуу, курч тема болуп турганын айткан төрага буларга токтолду. "Диний чөйрөгө мамлекет кийлигишпеши керек деген саясаттын айынан өлкөдө ар кандай секталар көбөйдү. Айрым диний уюмдардын бири-бири менен кагылышуусу сындуу фактылар пайда болуп жатат. Көпчүлүк жаштар ар кандай диний уюмдарга азгырылуда. Ал эми дин башкармалыгы бул маселени так тескей албай жатат",- деди Жээнбеков. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан