4-мартта президент Алмазбек Атамбаев кол койгон "7-апрель - Элдик апрель революциясынын күнү жөнүндө" КРнын мыйзамына ылайык, 7-апрель күнү Бишкек, Ош жана башка шаарларда иш-чараларды өткөрүү максатында уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Уюштуруу комитетин премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жетектейт. Бул комитетке иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашырууну камсыз кылуу милдети тапшырылды. Ал эми өкмөт Элдик апрель революциясынын күнү өткөрүлүүчү иш-чараларды каржылык жана уюштуруучулук жактан камсыз кылуу маселелерин чечүүгө тийиш.