Бүгүн, 5-мартта президент Алмазбек Атамбаев сот системинин кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо президент коррупция, кылмыштуулук менен күрөшүүнүн ийгилиги, коомдогу бейпилдикти сактоо жана өлкөнүн өнүгүүсү сот системинин кызматкерлерине түздөн-түз байланыштуу экендигин айтып, мекендештер алардан жарандык зор жоопкерчиликти, калыстыкты, чынчылдыкты күтүп жаткандыгын белгиледи. “Урматтуу сот кызматкерлери! Кесиптик майрамыңарда сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай, ийгиликтерди каалайм! Кыргызстаныбызда тынчтык жана биримдик болсун!”- деп айтылат куттуктоодо.