Ысык-Көл. Караколдо митингге чыккандар "Кумтөрдү" мамлекетке өткөрүү талабын коюшууда
Бүгүн, 5-мартта Каракол шаарында депутаттар Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду камактан бошотуу талабы менен митинг өтүүдө. Чогулгандардын көпчүлүгүн Жапаровдун кичи мекени болгон Түп районунан келген тургундар түзүүдө. Жалпы 400дөй адам топтолду. Нааразычылык акциясынын катышуучулары депутаттардын боштондугунан сырткары "Кумтөр" алтын кенин мамлекетке өткөрүү талабын да коюшууда. Ал эми алардын колунда “Жапаров артка кайтпа, эл сени менен”, “Кумтөр" канадалыктардан Кыргызстанга өткөрүлүп берилсин!” деген жазуусу бар плакаттар бар. Митинг тынч уланууда.