Ысык-Көл. Митингчилер талаптары аткарылбаса, Кыргызстан боюнча толкундоолор баштала турганын айтышты

Каракол шаарында өтүп жаткан митинг соңуна чыкты. Иш-чарада жарыш сөзгө чыккандар "Кумтөр" алтын кени жана камактагы "ата журтчу" депутаттар боюнча ойлорун айтышты. Андан соң чогулгандар облустук администрациянын алдына келишип, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Нурбек Осмонбаевге талаптарын тапшырышты. Эгерде талаптар аткарылбай турган болсо, өлкөнүн бардык аймактарында нааразычылык акциялары күчөй тургандыгын белгилеп, анан депутаттардын жактоочулары таркап кетишти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан