Түп районундагы "Сүт-Булак" заводу 11 түрлүү сыр өндүрөт

Кыргызстанда жасалган сырлардын Орусияга экспорттолбой жатышы чоң көйгөй жаратууда. Бул тууралуу 5-марттагы пресс-тур учурунда Түп районундагы "Сүт-Булак" ишканасынын Сүт алуу бөлүмүнүн башчысы Эмил Шамырканов айтты. Ал билдиргендей, 2012-жылы бул заводдо 457 тонна сыр, 64 тонна каймак май, 0,3 тонна тазаланган сүт өндүрүлгөн. “Биз өндүргөн азык-түлүктүн 60 пайызы Кыргызстандын өзүнө, 40 пайызы Казакстанга сатылат. Кыш мезгилинде элден 4,5-5 тонна, жайында 40 тонна сүт чогултулат. Ошондой эле 11 түрлүү сырды кышында 3,5 тонна, жазында 35 тонна чыгарабыз”,- деди Шамырканов. Айта кетсек, Ысык-Көл аймагында 2 сүт заводу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан