Кар көчкү түшүү коркунучу жогорулаганына байланыштуу, 5-марттан 10-мартка чейин Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 жана 198-265-чакырымдарында кар көчкүсүн аткылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдайт. Аткылоо иштери жүргүзүлгөн учурда жол жүрүү кыймылына убактылуу чектөөлөр коюлат.